Штаб: коронавируска тест-системанын запасы 2,5 айга жетет

Өлкөдө 14 вирусологиялык лабораторияга кошумча келишимдин негизинде дагы төрт жеке менчик лаборатория COVID-19ду аныктоого жардам берүүдө. Алар: Бонецкий, AQUA, "Гемодез", "Интермедикал".
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска тест-системанын запасы 2,5 айга жетет. Бул тууралуу Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өлкөдө 14 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Анда 19 ПЦР-аппарат бар. Мындан сырткары, келишимдин негизинде дагы төрт жеке менчик лаборатория COVID-19ду аныктоого жардам берүүдө. Алар: Бонецкий, AQUA, "Гемодез", "Интермедикал".