Өзгөчө абал режимине аскерлер кантип камданат. Сүрөттөгү ирмемдер

Sputnik

Командалык-штабдык машыгуулар эки этаптан турду. Биринчиси өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар болсо, экинчисинде өлкөнүн кээ бир райондорунда режимди сактоо боюнча тапшырмалардын аткарылышы көрсөтүлдү.

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт
Маневрлардын жүрүшүнө КР КК ГШнын жетекчилиги менен өкмөттүн Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн, Бишкек мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле "Элдик кошуундар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы байкоо салып турду.

Үстүбүздөгү жылдын март жана октябрь айларындагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында киргизилген өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди.

1 / 14
Бишкектин четинде КРдин Куралдуу күчтөрүнүн комплекстүү машыгуулары болду
2 / 14
Аскерий иш-чара "Ала-Тоо" күжүрмөн даярдоо жана окуу борборунун базасында өттү
3 / 14
Анда өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдыктар көрсөтүлдү
4 / 14
Машыгуунун алкагында атайын сценарий уюштурулуп, жаалданган топ блокпостторго басып кирди
5 / 14
Автоунаадагы кишилер аскерлердин айтканына баш ийбей, өзү билемдик кылышты
6 / 14
Курал да көтөрүп чыгып, коркутканга чейин барышты
7 / 14
Бирок мыкты даярданган аскерлер аларды артка кайтарып, абалды курчутууга жол берген жок
8 / 14
Аскердик иш-чарага техниканын түрү тартылды
9 / 14
Арасында өрт өчүрүүчү унаа дагы бар. Анткени атайын сценарийдин алкагында жалын чыккан да учур болду.
10 / 14
Кыргызстанга өзгөчө абал март жана октябрь айларында киргизилген
11 / 14
Куралдуу күчтөрдүн аскерлери коомдук-саясий абалды турукташтырууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотууга салым кошушту
12 / 14
Өзгөчө абал режиминде топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түзгөнү белгиленди
13 / 14
Машыгууда жалпысынан жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди
14 / 14
Машыгуулардын жүрүшүнө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев баштаган жетекчилер көз салып турду