Баштапкы капиталы 50 миллион доллар. Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү инвестиция жана соода жаатындагы биргелешкен долбоорлор боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Баштапкы капиталы 50 миллион долларга барабар болгон кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт. Бул боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушууда макулдашканын өкмөт кабарлады.

"Ферганада өткөн жолугушууда эки өлкөнүн экспорттук аймагын кеңейтүү жана жаңы рынокко чыгуу үчүн транспорттук чөйрөнү, анын катарында эл аралык ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланган. 25-декабрга чейин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин карап чыгуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, өкмөттүн өкүлдөрү эки республиканын аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүңүнөн бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бажы тармагында өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүлөт.