1-январдан баштап Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

Мындан ары каза болгондордун сөөгү Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы жаңы көрүстөнгө коюла баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат. Бул тууралуу буйрукка шаар мэринин орун басары Балбак Түлөбаев кол койгонун муниципалитеттен билдиришти.

Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган аймакта сөөк коюуга орундун жок калганы себеп болууда.

“Ошондой эле Ала-Арча, Жер-Ынтымагы конуштарынын тургундарынын кайрылуусу, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жана Мамлекеттик экотехинспекциясынын бүтүмдөрү негиз болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ары каза болгондордун сөөгү Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы жаңы көрүcтөнгө коюла баштайт.