БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Окуянын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялаган.
Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Өргө конушунун Алыкулов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Аны өчүрүүгө саат 23:06да Ленин райондук №6 өрткө каршы башкармалыгынан бир бөлүм, саат 23:18де Бишкек шаардык №8 АӨКБдан бир бөлүм тартылган.
ӨКМ кырсык боюнча кошумча маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.