Пресс-борбор

Бишкектеги троллейбус жана автобус айдоочуларынын айлыгы өсүшү мүмкүн

Өмүрзаковдун айтымында, учурда айдоочулар орто эсеп менен 16-17 миң сом айлык алышат. Маянаны жогорулатуу үчүн электрондук билет системасына өтүү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Муниципалдык транспорт ишканаларынын кирешеси жогорулагандан кийин Бишкектеги троллейбус менен автобус айдоочуларынын айлыгын 30 пайызга көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков айтып берди. 

Бишкектеги троллейбус жана автобус айдоочуларынын айлыгы өсүшү мүмкүн

Анын айтымында, учурда айдоочулар орто эсеп менен 16-17 миң сом айлык алышат. Электрондук билет системасы жолго коюлса Бишкек троллейбус башкармалыгынын кирешеси жогорулап, натыйжада айдоочулардын айлыгын көбөйтүүгө мүмкүн болот.

"Ишканага канчалык көп каражат түшсө, кызматкерлердин айлыгы ошончо жогорулайт. Биринчи кадамдын алкагында троллейбус менен автобус айдоочуларынын айлыгын 30 пайызга көбөйтүүнү пландап жатабыз. Жарым жылдан кийин ишкананын башка өкүлдөрүнүн дагы, мисалы, техникалык кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт", — деди Өмүрзаков.

Ал ошондой эле пандемияга байланыштуу электрондук билет системасы токтоп калганын белгиледи.

"Март айында карта системасын ишке киргизгенбиз. Бирок кийин пандемия башталып кетип 2,5 айга ишти толук токтотууга туура келди. Долбоорду ишке ашырууга эми гана кайрадан киришип баштадык", — деди ал.

Өмүрзаков жарандарды жол кирени накталай эмес, карта менен төлөөгө чакырды. Бул транспорт системасынын ишин ачык жүрүшүнө жол ачат.

Буга чейин мэриянын өкүлдөрү бийлик таксинин ишин кантип жөнгө салганы жатканын айтып беришкен.