Пресс-борбор

Мэрия автобус сатып алууга ниеттенип, бирок тендерди токтотту. Себеби

Өмүрзаковдун айтымында, шаар бийлиги азырынча коомдук жаңы транспорт сатып алууну пландаган жок. Бирок өлкөдө экономикалык абал жакшырары менен автопарк жаңыланат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Акчанын тартыштыгынан Бишкек мэриясы автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди жокко чыгарганын Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков билдирди. 

Мэрия автобус сатып алууга ниеттенип, бирок тендерди токтотту. Себеби

Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Бишкек мэриясынын транспорт реформасы — бардык суроолорго берилген жооптор" деп аталган брифингде айтты.

"Автобустарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган, бирок акчанын тартыштыгынан аны токтотуп турууга туура келди. Азырынча буга каражат бөлүнө элек, бирок абал жакшыргандан кийин автобус менен троллейбустарды сатып алууга сөзсүз акча табабыз", — деп билдирди ал.

Коомдук транспорт демекчи, Бишкек мэриясы шаардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Финансы министрлиги менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Долбоор 58,9 миллион АКШ долларына бааланган. Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион долларды насыя катары, ал эми 15 миллион долларды грант түрүндө берүүнү пландаштырып жатат.