Радио

Назаралиев: быйыл КФБ 10 айда 7 млрд. 84 млн. сомдук соода кылды

"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти Медет Назаралиев коронавирустук кризиске карабастан соода жүгүртүүнүн көлөмү өскөнүн белгиледи.
Sputnik
Назаралиев: быйыл КФБ 10 айда 7 млрд. 84 млн. сомдук соода кылды

Кыргыз фондулук биржасынын соода көлөмү 2020-жылдын 10 айынын ичинде 7 миллиард 84 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир миллиард сомго көп. Мындай маалыматты Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып берди.

Анын айтымында, карантин учурунда чекене инвестор катары бааланган жарандар тапкан каражатын азык-түлүккө жумшап, бул тармак дээрлик токтоп калды.

"Коронакризистен кийин компаниялардын туруктуулугун арттыруу максатында чоң компаниялар, микрокредиттик уюмдар, банктар биржага чыгып уставдык капиталын көбөйтүштү. Мисал келтире турган болсом, былтыркыга салыштырмалуу быйыл Кыргыз фондулук биржасынын соода көлөмү бир миллиард сомдон көбүрөөк болду. Маселен, 2019-жылдын жыйынтыгы менен 6 миллиард сом болсо, 2020-жылдын 10 айынын ичинде 7 миллиард 84 миллион сомду түздү. Соода жүгүртүүнүн көлөмү корпоративдик баалуу кагаздар жаатында өткөн айга салыштырмалуу 15-17 пайызга өсүш болду. Ал эми товардык сектордо чыныгы реалдуу соода жүргүзүлгөн жок. Анткени бул багытта негизинен нормативдик документтерди даярдоо, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", — деди Назаралиев.

Ошондой эле ал өндүрүш компанияларынын товарларын соодалоо үчүн "Товардык биржа жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип баштаганын кошумчалады.