БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернат министрликтин уруксаты жок, өзү билемдик менен реалдуу режимде окуп жаткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө "Кут Билим" мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган.
Башкы прокуратура ооруканага 11 жаштан 16 жашка чейин 21 окуучу түшкөнүн кабарлады. Мындан сырткары, сегиз жаштагы бир бала жана 20 жаштагы окутуучу да жаткан. Аламүдүн райондук прокуратурасы текшерүүдөн кийин лицейдин жетекчилиги реалдуу режимде окуу процессин өзү билемдикке салып 23-октябрда баштаганын аныктаган. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругундагы талаптарга ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринде 2-6-класстарга гана салттуу режимде окууга уруксат берилген. Прокуратура учурда "Кут Билим" лицейинде 7-11-класстын балдары жатып окушат деген тыянакка келген.
Аталган факт боюнча учурда милиция тергөө жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык иликтөө да жасалууда. Прокуратура күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чечими текшерүү иштеринен кийин кабыл алынарын кошумчалаган.