Атамбаев ооруп жатат. Сот процесси дагы жылды

Атамбаевдин ден соолугунун начарлаганы 2-декабрда маалым болгон. Анда соттук териштирүү 9-декабрга жылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтчү процесс Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Бүгүн отурум башталар алдында айрым айыпталуучулардын адвокаттары жок экени маалым болду. Атамбаев болсо өзүнүн жактоочусу Сергей Слесарев аркылуу сот отурумун бир аптага жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Мурдагы президент өтүнүчкө ден соолугуна байланышкан медициналык бүтүмдү тиркеген.

Адвокат ооруп жаткан Атамбаевге ден соолугун чыңдоого убакыт берүү керектигин өтүнүп, натыйжада соттук отурум 16-декабрда өтмөй болду.