Баткенге барган Новиков "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" бекеттерин текшерди

Аталган өткөрүү пунктуларын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видеокөзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. – Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары "Кызыл-Бел – Автожол" жана "Кайрагач – Автожол" өткөрүү пунктуларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Аталган өткөрүү пунктуларын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видеокөзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Натыйжада премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пунктуларын толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берген.