Аксыда бала бакча өрттөнүп кетти. Кырсыктын кесепетинин сүрөттөрү

№26 бала бакчада өрт чыкканы тууралуу маалымат түндө түшкөн. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Аксы районуна караштуу Сыны айылындагы өрттөнүп кеткен бала бакчанын сүрөттөрүн жарыялады.

Билдирүүдө 8-декабрга караган түнү саат 00.15те №26 бала бакчанын күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн.

Саат 02.10до өрт чектөөгө алынып, дагы бир жарым сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн. Жалын 784 чарчы метр аянтты жалмап кеткени айтылды. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Жабыркагандар катталган эмес.