Биз бала кезде телевизор дегенди эч ким көргөн да, уккан да эмес. Анда радиону анда-санда укканыбыз эле болбосо, мультфильм, көркөм тасмаларды көргөн деле жокпуз. Бул тууралуу Тамара Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кезинде Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов жана Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар менен маектешкен.
"7-классты аяктап, Фрунзедеги медициналык окуу жайында билим алып, интернатта турчумун. 1959-жылы окуумду бүтүп, апам көп ооругандыктан мединститутта да билим алып, апамды айыктырсам деп тилээр элем. Ошондо документ тапшырыш үчүн ректордун кабыл алуусунда турганымда бир орус аял келип "апапак кыз экенсиң, кыргызча-орусча билесиңби?" деп сурап калды. "Ооба" десем, телевидениеге диктор издеп жатышканын айтып, Дзержинский бульварындагы мунарага кел деп дарегин айтып конкурска чакырды. Баягы жерге барып кыргыз-орус тилинде текстти окуп берсем, "үнү жагымдуу кичинекей кыз экен, мейли эми эптеп чоңоюп кетер" деп калышты. Ошол кезде режиссерлор Балташ Кайыпов жана Жанузак Молдобае телевидениени иштете башташкан эле. Ошентип алар камеранын кызылы күйгөндө сүйлөп баштап эфирди ачасың дешти. Алгачкы эфирде эмне кийип, эмне кылып жасанарымды билбейм, айтор, кызыл күйгөндө эфирди ачып, кайра жакшынакай коштошуп туруп кеттим. Анан эле Балташ Кайыпов келип "сен кандай кудай урган кызсың, кичине отура турсаң болбойт беле" деп урушту. Мен жаман болуп "сиз кызыл өчкөндө тур деп качан айттыңыз эле" деп ыйлаганым эсимде. Кийин менден мурда келген диктор Лидия Борисовна Тюльменконун кийинип, эфирге даярданганын туурап жатып, көнүп кеттим. Ал учурда телесуфлер деген нерсе жок. Кыргыз-орус тилиндеги программаны эки жолу окуп, кадимкидей жатка айтчумун. Бул өзгөчөлүк апаман мага генетикалык жактан өткөн", — деди Жаманбаева.
Диктор алып баруучунун куралы болчу "Күрөшүп жашап, азаптанып жеңишке жетиштим", "Телевидение — менин өмүрүм", "Телерадиодо алып баруучунун чеберчилиги" деген китептерди жазганын кошумчалады.