Жолду кесип, так түйүлө чуркаган аркар-кулжалар. Ак-Шыйракта тартылган видео

Башкы егерь кийиктердин эл жашаган аймакты байырлап жүрүшүн Сырт өрөөнүндө жашаган адамдардын табиятка, экологияга жасаган аяр мамилесинин далили деген пикирин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында автожолду кесип, так түйүлө секирип чуркап бараткан кийиктерди көрүүгө болот.

Видео Ак-Шыйрак өрөөнүндөгү аталган коруктун аймагында айылга кетип бара жаткан автожолдо тартылган.

"Бул жер Сары-Чат—Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагындагы №10 тилке. Видео 7-декабрь күнү айылга бараткан жолдо тартылган. Тобу менен чуркап бараткан жаныбарлар — аркар-кулжалар. Бул күндөрү биздин аймакка келген кишилер кийиктерди ушундай жакын аралыктан көрө алат. Автоунаа менен келе жатканда ушинтип жолду кесип өткөн учурлары абдан эле көп учурайт. Бул бир эле жолку көрүнүш эмес", — деп айтып берди коруктун башкы егери Өмүрбек Курманалиев.

Башкы егерь кийиктердин эл жашаган аймакты байырлап жүрүшүн Сырт өрөөнүндө жашаган адамдардын табиятка, экологияга жасаган аяр мамилесинин далили деп кошумчалады.