Бокс боюнча дүйнө чемпиону Пакьяо Филиппиндин башкаруучу партиясын жетектейт

Дүйнө чемпиону жетектеген башкаруучу партияда өлкөнүн учурдагы президенти Родриго Дутерте да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кесипкөй бокстун WBA түрү боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо Филиппиндин башкаруучу FDP-Laban партиясынын лидери болуп тандалды. Бул тууралуу sports.ru жазды.

Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер
Маалыматка ылайык, 2016-жылы сенатор болгон 41 жаштагы Пакьяо 2022-жылы Филиппиндин президенттигине ат салышууга ниеттенип жатат.

Белгилеп кетсек, дүйнө чемпиону жетектеген партияда өлкөнүн учурдагы президенти Родриго Дутерте да бар.

Кесипкөй бокстун легендасы учурдагы дүйнө чемпиону болуп туруп көз карандысыз мамлекеттин президенти катары кылымдык тарыхка кирери айтылууда.