Азыр кай жерге барба, курулган же курулуп жаткан минифутбол аянтчаларын көрөсүң. Курулгандары күнбү же түнбү, күрү-гүү түшүп топ кубалагандардан бошобойт. Бул абдан сонун көрүнүш. Ашказанды тамакка шыкап, телефон чукуп же бирөөлөр менен бейпайда сөздөргө ооздун желин коротуп отургандан көңүл чөгүп, ден соолук бузулгандан башка не пайда? Андан көрө, эң чоң душманың болгон эринчээктикти ээрден оодарып, элге кошулуп топ тебе чуркап, арам тер менен терс энергиядан арылганың кандай жакшы. Жамаат болуп ойногон оюн жамааттын ынтымагынын бекемделишине себеп болот деп да калышат.
Дың жердей зыңкыйган тармактар
Адам — аалам жана аманат
Ар бир таланттуу жана өнөрлүү адам өзүнчө бир аалам. Ошол ааламды шөкөттөп турган ай-жылдыздын жарыгын, асман-жердин сулуулугун, чокулардын бийиктигин, талаалардын кеңдигин, мухиттердин тереңдигин, тереңде жашынган кен-байлыктарын жан адамга өткөзүп бербей, өзү менен ала кетсе — бул ошол өнөр ээсинин кийинки муундарга карата кылган зор кыянаттыгы болор. Адам өзү дүйнөгө түркүк болбойт. Өмүр жолу бир күнү акыркы чегине жетет, бирок өнөр өчпөшү керек. Өнөрдүн уланышы — өнөр ээсинин өмүрүнүн уланышына тете. Өнөр кенчин аманат тутуп, андан ары алып кетип, кийинкилерге жеткирип табыштоо — бул шакирттердин озуйпасы. Эшмамбет, Коргоол, Алымкул, Калык, Осмонкул сыяктуу шакирттерди тарбиялаганы үчүн тоо булбулу Токтогулдун адабий жана руханий көркөм мурасы тарыхтын татаал жана тайгак жолунда дүбүрттүү жүрүшүн улантып, таң каларлык таскагынан жазбай келет. Элмирбек акын да өмүрүнүн акырында өз өнөр дүйнөсүн данек-даремети мол жаштарга аманат тапшыруу менен такай алек болуптур. Көзү өтүп кеткенине карабай окуучуларынын жана досторунун аракети менен "Аманат" аттуу жыйнагынын жарык көрүп, окурмандардын колуна тийип, баарыбызды кубантып турганы — Элмирбектин ошол өнөрпоз таптоо ишинин ширин мөмөсү эмей эмне?
Бир ок менен бир нече коён...
Кыргызстан боюнча 1064 китепкана, кырк маданият үйү бар. Ошолордун баары ким ушундай агартуу долбоорлорун аткарууга бел байлагандардын карамагында. Биз колдон келген шарттын баарын түзүп берели. Маданият мекемелери концерт келгенде же бир майрамдык шаан-шөкөт өткөндө гана ачылып, калган учурда ошол жерде иштегендерден башкалар кирип-чыкпай калган үңкүр акыбалында турбашы керек. Ал жайлар интеллектуалдык жарыштардан, адабий талкуулардан, руханий маектерден, өнөрпоздордун сабактарынан, мастер-класстардан, семинар-тренингдерден футбол аянтчалары топ тепкендерден бошобогондой бошобой, күркүрөп иштеп турушу абзел. Спорт залдарынан спортчулар тапталып чыкса, маданият үйлөрүнөн чыныгы адамдар тарбияланып чыгышы шарт. Айтор маданияттын да, маданият мекемелеринин да ээси — эл. Болгону, ичиндеги буюм-тайымдарды, мүлктөрдү аяр колдонуп, таза тутуу талабы бар. Ошентип коомчулуктан, чыгармачылык чөйрөлөрдөн прогрессивдүү демилгелерди, адамдык көрөңгөнү көкөлөтүүгө багытталган долбоорлорду күтөбүз. Маданиятыбызды жапа тырмак биргеликте көтөрөлү.