БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 7-декабрда, дагы 10,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.
Бул — декабрь айындагы экинчи интервенция, алгачкысы 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар сатыкка чыккан.
Ноябрда Улуттук банк 11 ирет интервенция жасаган. Биринчи жолу 12-ноябрда 26,8 миллион доллар сатылган. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жатты. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган. Муну менен узаган айда Улуттук банк дээрлик 85 миллион доллар сатканы белгилүү болду.
Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт. Бул алты айга чейин товарларды жана кызматтарды импорттоого жетиштүү.