Октябрда Кара-Кечеде уурдалган көмүрдөн "Кыргыз көмүр" 1 млн. сом чыгымга учураган

Парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда Кара-Кече көмүр кени баш ийген "Кыргыз көмүр" ишканасынын филиалын 100дөй киши ээлеп алганы маалым болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Октябрда Кара-Кече кенинен мыйзамсыз негизде көмүр уурдалып, андан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 1 миллион сомго жакын чыгымга учураган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

13 млн. сом коромжу болгон. Шектүү катары Эсеп палатасынын инспектору кармалды
Эске салсак, парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда Кара-Кече көмүр кени баш ийген "Кыргыз көмүр" ишканасынын филиалын 100дөй киши ээлеп алганы маалым болгон. Басып алгандар филиалдын кассасынан акча жана көмүр иштетүүдөн түшкөн жарым миллион сомдон ашык каражатты тартып алып, филиал жетекчилигинин алмашуусун талап кылганы айтылган. Кийин ал жактагы видеокамералар белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө автоунаага жүктөлгөн көмүр чыгарып кеткенин көрсөткөн.

Аталган факты боюнча Нарын ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү текшерүү иштерин баштап, топтолгон материал жана арыздар боюнча көрсөтүлгөн автоунааларды аныктоо иштери жүргүзүлгөн.

"Жыйынтыгында автоунаалар менен уурдап алып чыгып кеткен көмүрдөн "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы болжол менен 1 миллион сом зыянга учуруган. Бирок бүгүнкү күндө анын 700 000 сому өндүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган 25 арыздын 19у боюнча кылмыштын бети ачылып, учурда шектүүлөр такталып жатканы кошумчаланды.