Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев иш сапары менен түштүк регионунда болду.
Sputnik

Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди
Өмүралиев аскер бөлүктөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу-материалдык базасын көрүп, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерген.

Ал жетекчилерге жана офицерлерге жоокерлердин кызмат кылуусуна, ден соолугуна, аскердик тартиптин, мыйзамдын жана жалпы уставдык талаптардын сакталышына жооптуу экенин эскерткен.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчисинин 3-декабрда башталган оперативдик-талаа иш сапары 7-декабрда жыйынтыкталган.