13 млн. сом коромжу болгон. Шектүү катары Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Бирок милдеттүү тарап 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош шаары боюнча башкармалыгы 13 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттын жоголушуна шектүү катары Эсеп палатасынын инспекторун кармады. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

"Мурда ачылган соттук өндүрүштүн алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча Эсеп палатасынын инспектору А.К. кармалды. Ал Ош шаарынын СИЗОсуна киргизилди. Буга чейин аталган иштин алкагында жеке ишкананын жетекчиси колго түшүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Кең-Сайдагы дагы бир коррупция. Эки трансформатор сегиз эсе кымбат алынган
Эске салсак, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Бирок милдеттүү тарап 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай койгон. Мунун айынан объект пайдаланууга берилбей, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражатты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.