Жаңы жылга даярданган кечки Бишкектин асмандан көрүнүшү

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык шаан-шөкөткө тыюу салынганы менен борбор калаанын көчөлөрү четинен кооздоло баштады.
Sputnik

Ал эле эмес, узакка созулган карантинден кийин фудкорттор, кинотеатрлар, соода борборлору дагы ишке кирди. Бишкектин чок ортосуна башкы балаты орнотулуп, 10-декабрда жандыруу пландалып жатат.