Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утту

Спортчу кыз Ташкентте өткөн эл аралык лицензиялык марафондо чемпион болуп, олимпиадалык ченемди толтурган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына лицензия утуп алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафону өтүп, кыргызстандык спортчу жеңүүчү болгон.

Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео
Мария 42 чакырым 195 мертлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада өткөн. Олимпиадалык ченем 2 саат 29 мүнөт 30 секунда болуп саналат.

Коробицкаядан тышкары, аталган мелдештин эркектер арасындагы жарышына Илья Тяпкин катышып экинчи орунду ээлеген. Ал марага эки саат 16 мүнөт жана алты секундада келген, бирок анын жолдомо алуусу үчүн болгону беш мүнөттөй убакыт жетпей калган (олимпиадалык ченем — 2 саат 11 мүнөт 30 секунд).

Мария Коробицкая Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган кыргызстандык алтынчы спортчу болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия алышкан.