Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек

Кыргыз элинин тарыхында Енисей доору абдан орчундуу. Бул дарыянын жээгин байырлаган кыргыздар эркиндиги үчүн тынбай күрөшүп, державасын түптөгөн. Ал эми экинчи жагынан 18-кылымдын башында Енисейдин боюндагы кыргыздардын көбү аргасыздан Ата Журтун биротоло таштап кеткен.
Sputnik

Ушул тарыхый процесс тууралуу атактуу советтик жана россиялык археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак иликтөөчү Юлий Худяков менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

— Юлий Сергеевич, енисейлик кыргыздардын тарыхына кандайча тартылып калдыңыз?

— Бала чагымдан баштап көчмөндөр кандай курал-жарак колдонгонуна абдан кызыкчымун. 1972-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин 3-курсунда окуп жүргөн учурда тематикам боюнча музейлерди аралап материал издей баштадым. Мындан сырткары, бул багыт боюнча ленинграддык окумуштуулар менен кат жазышып калдым. Багыма жараша, белгилүү советтик жана россиялык археолог Галина Длужневская археологиялык изилдөөчү отряддын жетекчиси экен. Ал Тувадагы енисейлик кыргыздардын мурасы боюнча изилдөө жүргүзчү.

Мени байыркы түрк менен енисейлик кыргыздардын мүрзөлөрүндө темирден жасалган курал-жарактардын, анын ичинде өзгөчө жебелердин темирден жасалган учтары аябай кызыктырды. Өзгөчө енисейлик кыргыздардын коргондорунда абдан жакшы сакталганы байкалат. Ал эми байыркы түрктөрдүн мүрзөлөрүндө бул куралдын айрымдары гана сакталган экен. Бул маркумдун кандай шартта жерге берилгенине байланыштуу болот. Каза болгон кишини алар аты, курал-жарагы менен чогуу көмүшкөн. Эң кызыгы, ошол эле учурда эки элдин мүрзөлөрү жакын жайгашкан.

Енисейлик кыргыздар согуш учурунда курман болгон же өз ажалы менен өлгөн боордошунун сөөгүн сооту, курал-жарагы менен чогуу өрттөгөн. Белгилей кетчү жагдай, алар бойго жетип каза болгон кандаштарын ушинтип коюшкан. От маркумдарды бул жашоодогу топтолгон кири менен кетирген күнөөсүнөн тазалайт деп ишенген. Андан кийин баарын чогултуп көмүп, үстүнө коргон кылган. Көмүр менен күл темирден жасалган курал-жаракты дат бастырган эмес окшойт. Жаш балдардын сөөгү өрттөлгөн эмес. Дал ушул өзгөчөлүктөрдөн улам бул элдин курал-жарагын изилдөөнү чечтим. Бирок бул маселенин канчалык терең экенин билбей аралашкан экенмин (күлүп).

Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек

— Ушул багыттагы изилдөөчүлөр анча көп болбосо керек?

— Енисейлик кыргыздардын тарыхын изилдегенден кооптонушчу. Анткени алар хакасиялык тарыхчы Леонид Кызласовдон айбыкчу. Енисейлик менен тянь-шандык кыргыздардын ортосунда эч кандай байланыш жок, экөө эки башка эл деген теорияны Кызласов таңуулап келген. Анын үстүнө Леонид Романович Москва мамлекеттик университетинин профессору жана ВАКтын эксперти эле. Дал ушул себептен улам жадагалса Длужневская менден кийин кандидаттык диссертациясын коргоду.

Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз
Мен алгач илимий тематикам боюнча өзүнчө классификация иштеп чыктым. Бул классификацияга негиз катары байыркы Русь менен скифтердин курал-жарагын изилдеген Андрей Кирпичников, Алексей Петров жана Евгений Черненконун илимий иштерин алдым. 6-кылымдан баштап 12-кылымга чейин енисейлик кыргыздардын курал-жарагы кандай нукта өнүккөнүн изилдедим. Россия Илимдер академиясынын курамындагы Сибирь бөлүмүнө караштуу Археология менен этнография институтунда иштегендиктен, кандидаттык диссертациямдын урунттуу жерлерин алып "Кыргыздар Табат өрөөнүндө" аттуу китеп чыгардым. Бул китеп Новосибирскидеги "Наука" басмаканасында басылды. Ошол убактагы эреже боюнча, бул басмаканадан чыккан китептин бир нече нускасы бардык союздук республикалардагы "Академкнига" китеп дүкөндөрүнө жиберилчү. Ошентип бир нече китебим Фрунзе шаарына келип, илимий эмгегим абдан чоң кызыгуу жаратыптыр. Бир топ жылдан кийин илимий конференцияда Кыргызстандын алдыңкы археологдорунун бири маркум Исман Кожомбердиев менен тааныштым. Ал мени Кыргызстанга чакырды. 1982-жылы Фрунзеге келип жергиликтүү кесиптештер менен алака түзүлдү. Эң кызыгы, бул китебим Молдавияда жашаган түрк тектүү гагауздардын арасында да кызуу талкуу жаратыптыр.

— 8-кылымдагы Енисей Кыргыз каганатынын башчысы Барсбектин мүрзөсүн издедиңиз беле?

— Ооба, Абакан дарыясынын оң жээгиндеги Алтын-Көлдүн жанында жайгашкан Бондарёво айылынын тегерегинен издегенбиз. Себеби буга чейин бул аймактан байыркы руника менен жазылган эки плита табылган. Азыр ушул эки плита Минусинск шаарындагы музейде сакталууда. Анын бирин белгилүү советтик жана россиялык чыгыш таануучу Сергей Кляшторный которгон. Ал Барсбекке арналыптыр. Түрктөр мындай плитаны эстелик катары коюшкан. Ал эми енисейлик кыргыздар ушундай эле плитаны каза болгон адамдын коргонунун жанына коюшчу. Тилекке каршы, анын сөөгү коюлган коргонду таба алган жокпуз. Барсбектин мүрзөсү айдоого айланып калган болуш керек.

Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек

— Енисейлик кыргыздардын тарыхын сизден тышкары дагы кайсы илимпоз изилдеген?

— Шакиртим Сергей Скобелев енисейлик кыргыздардын кечки орто кылымдагы маданиятын изилдейт. 15-кылымдан берки жазма булактар аз эле. Ошондуктан илимпоздор бул темага көп кайрылышкан эмес. Азыркы күндө 15-17-кылымдарга таандык енисейлик кыргыздардын маданиятына тиешелүү эстеликтер табылды. 18-кылымдын башында Жунгар хандыгынын өкүмдары Цэвен Рабдандын буйругу менен енисейлик кыргыздардын басымдуу бөлүгү мажбурланып азыркы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округундагы Эмель дарыясынын боюна көчүрүлгөн. 1758-жылы Кытайды башкарган маньчжур Цинь династиясы Жунгар хандыгын талкалап, багындырат. Андан кийин алар енисейлик кыргыздарды Маньчжурияга көчүрөт. 1990-жылы Скобелев менен казакстандык тарыхчы Альжан Шомаев Харбин шаарында стажировкага барышат. Ошол учурда экөө кокусунан Хэйлунцзян аймагындагы Фуюй уездинде енисейлик кыргыздардын тукумдары бир нече айыл болуп жашаганын угат. Бирок булардын ысымдары менен фамилиялалары кытайча жазылып калган экен. Скобелев менен Шомаев аларга барып уруулары жөнүндө маалымат жазып кетет. Белгилей кетчү жагдай, бул кыргыздар тууралуу көпчүлүк материалды казакстандык илимпоз Альжан Айтимбетович чогулткан. Андан соң ал жерге Хакасиядан белгилүү окумуштуу Виктор Бутанаев баш болгон башка тарыхчылар барып маньчжуриялык кыргыздардын түбү Енисейден экенин тастыкташкан.

— Сиздин пикириңиз боюнча Тянь-Шанда кыргыздар кандайча пайда болгон?

Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
— 840-жылы енисейлик кыргыздар Уйгур каганатын талкалагандан кийин анын ордуна өз державасын негиздешкен. Борбордук Азия Кыргыз каганатынын карамагында болуп калды. Бирок бул эбегейсиз территорияны узак убакыт көзөмөлдөөгө енисейлик кыргыздардын алы жеткен жок. Себеби алар саны жагынан аз эле. Булардын уюткусу Енисей дарыясынын ортоңку агымындагы Миң-Өзөн ойдуңунда гана жайгашкан. Белгилей кетчү жагдай, ошол учурда көчмөндөр бири-бири менен территория үчүн согушчу эмес, башка көчмөн урууларды багындырууну көздөшкөн. Ошондуктан көпчүлүк учурда жеңилген көчмөн уруулар башка аймакка качкан. Енисейлик кыргыздар уйгурларды жеңгенден кийин ушул территория ээн калган. Жогоруда айтылган аймакка кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанга качкан дөөлөс урууларын кайтаруу үчүн кубалап келип отурукташып калган.

— Чыңгыз хандын саясаты енисейлик кыргыздарга кандай таасир этти?

— 1207-жылы Чыңгыз хандын уулу Жочу енисейлик кыргыздар менен согушпастан баш ийдирет. Бирок алар монгол мамлекетинин казынасына салык төлөгөн эмес. Согуш башталганда аскерлерин Чыңгыз хандын армиясына жиберүүгө милдеттүү болчу. 1218-жылы монгол тектүү тумат элинин Чыңгыз ханга каршы козголоңун басуу кыргыздарга милдеттендирилген. Бирок булар баш тартып көтөрүлүш чыгарышат. Ошондо Жочу аларды кайра күч менен багындырат. Андан кийин Чыңгыз хан енисейлик кыргыздарды согуштарында алдыга салып аёосуз жумшаган.

Томскилик археолог Ольга Беликованын маалыматына таянсак, енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү монгол баскынчылардан Томь дарыясынын боюндагы чытырман токойлордун арасындагы жазы өрөөндөргө качып, жашынышкан. Бул аймактар тууралуу монголдордун маалыматы жок эле. Ушул тема боюнча Беликова илимий китеп жазган.