Тазаланабыз. Дана Уайт UFC уюмундагы мушкерлердин саны кыскарарын кыйытты

Учурда тизмеде 649 мушкер бар. Октябрь айына карата промоушендин тизмесине 71 өлкөнүн спортчулары кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. UFC уюмунун башчысы Дана Уайт промоушендеги мушкерлер тизмесинде тазалоо жүрөрүн айтты. Бул тууралуу ал UFC Vegas 16 мелдешинен кийин өткөн маалымат жыйында билдирген.

Анын айтымында, дүйнөлүк промоушен жыл аягында 60 мушкерди четтетет.

Ишембиде аталган уюм мушкер Йоэль Ромеро менен келишимди токтоткону белгилүү болду. Кубалык спортчу бир нече ирет чемпиондук курга талапкер болуп, акыркы маалда рейтингде бешинчи катарды ээлеп турган.

"Йоэль менен эле чектелбейбиз. Жыл соңунда бизде олуттуу кыскартуулар болот. 60 мушкер четтетилиши мүмкүн. Ромеро акыркы беш беттешинин төртөөсүндө жеңилди. Анын жашы 43кө чыкты. Бизде тизме ыксыз чоюлуп кеткен. Келерки аптада көп маалыматтарды угасыздар. Бул оор чечим, бирок аны кабыл алуу зарыл", — деген Уайт.

Учурда UFC уюмунун тизмесинде 649 мушкер бар. Октябрь айына карата промоушендин тизмесине 71 өлкөнүн спортчулары кирген.