Ошто жеңил жана жүк ташуучу ири автоунаа кагылышты. Видео

Жол кырсык Бишкек — Ош жолунун 648-чакырымында болгон. Айдоочу менен жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ош облусунда жеңил жана оор жүк тарткан ири автоунаа кагышты деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган облустук бөлүмдөн.

Жол кырсык 4-декабрда саат 16:30да Бишкек - Ош жолунун 648-чакырымында болгон.

Daewoo Nexia менен оор жүк тарткан Shacman үлгүсүндөгү автоунаа бет маңдайлаша кагылышкан. Анын кесепетинен Daewoo автокөлүгүнүн 32 жаштагы айдоочусу менен 22 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген.