Дарыгер коронавирустун эң көп учураган кесепети тууралуу айтты

Коронавирус организмдин кайсы бир системасын талкалай турганы азыр анык болду. Медик бул кесепет узак же кыска мөөнөттүү болору азырынча белгисиз экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Аллерголог-иммунолог Владимир Болибок коронавирус инфекциясын жуктуруп айыккандарда эң көп кездешкен кесепеттер тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Мен бейтаптарда кан басымдын жогорулап кеткенин көп байкайм. Бул вирустун айынан кан тамыр системасынын бузулуп, анын ичинде ийкемдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн айынан келип чыгат", — деген дарыгер.

Медик белгилегендей, бул кесепет узак же кыска мөөнөттүү болору азырынча белгисиз. Ошондой эле ал коронавирус инфекциясы бейтаптын кайсы органына терс таасирин тийгизери белгисиз экенин айткан.