Исфанадагы аэропортко Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Сүрөт

Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусунун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатына катышкан.

"Бүгүн кош майрам. Исфана шаарынын оңдоодон өткөн жаңы аэропорту ачылып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Аэровокзалдын жаңы имараты курулуп, аэродром элементтерин реконструкциялоодон соң аэропорт Жарактуулук сертификатына ээ болуп, Кыргызстандын авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык пайдаланууга берилди", — деген Новиков.

Салтанаттан соң Новиков Исфана шаарында тургузулган Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине барган.

Эскерте кетсек, "Исфана" аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, бул аба майданынын ишке киргенине 45 жылдан ашып калды.

Лейлектеги "Исфана" аэропорту реконструкцияланып бүттү. Сүрөттөр
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы тарабынан "Исфана" аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген. Комиссия тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, аэродромдун пайдаланууга жарактуулугу боюнча сертификаты жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап Бишкек — Исфана — Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун пайдалануу сертификатынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Маалыматтарга караганда, жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылып келет.