Кыргызстанда ЭКУ процедурасын саналуу эле клиникалар жасайт. Ал эми бизге ЭКУ жасатуу үчүн 100 аял кайрылса, анын 55инин гана боюна бүтөт. Анын ичинен 40 аял ай-күнүнө жетип көз жарат. Калганынын боюнан түшүп, түйүлдүк өспөй же жатындын сыртында болуп калып, бала төрөлбөй калат. Бул тууралуу Гүлжан Жалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда ЭКУ процедурасынын баасы 3 500 доллар болууда.
"1978-жылы дүйнөдө биринчи жолу экстракорпоралдык уруктандыруунун аркасында англиялык Луиза Браун төрөлгөн. Ал азыр табигый жол менен эки балалуу болгон. ХХ кылымдан баштап тукумсуздук маселеси өтө актуалдуу боло баштады. Анын себептери абдан көп. Алсак, 20 пайызы инфекциялык оорулардан, 40 пайызы эндокринопатиядан, калганы башка түрдүү оорулардын кесепетинен балалуу боло албай келет. Ал эми белгисиз тукумсуздуктан улам ЭКУ процедурасы изилденип, пайда болгон. Учурда тукумсуз аялдардын, ошону менен бирге эле эркектердин да саны өсүүдө. Буга ошол эле экология, тамактануу, жашоо образы, дарыгерге убагында кайрылбоо себеп болууда. Кыргызстандын статистикасын алсак, жубайлардын 20 пайызынын ар бир бешинчи түгөйүнө тукумсуздук диагнозу коюлууда. ЭКУ — заманбап, татаал процедура. Көп жабдык колдонулат. Бул продедураны каалаган эле аял жасата бербейт. Ага чейин дарыланып, операция болуп, башка методдор жардам бербей калганда гана бизге кайрылышат", — деди Жалиева.
Дарыгер ЭКУ менен төрөлгөн бала табигый жол менен жаралган ымыркайдан эч айырмаланбай турганы изилденгенин кошумчалады.