ЕАЭБде товар алмашууну жакшыртуу боюнча карта иштелип чыкты

Евразия экономикалык комиссиясы учурда биргелешкен 177 экономикалык долбоордун үстүндө иштеп жатат. Ага жалпы инвестициянын көлөмү 194 миллиард долларга жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердеги өндүрүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу үчүн индустриялаштыруу картасын иштеп чыкты. Бул тууралуу ЕЭК башчысынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Минск — Бишкек — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.

Анын айтымында, комиссия импортту көбөйтүп, товар алмашуу маселелерине жоопкерчилик менен карайт.

"Индустриялаштыруу картасы — бул биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн деңгээлинде ишкерлер үчүн маалымат базасы. Ал импорттун көлөмүн кеңейтүүнү каалаган ишкерлерге жана ЕАЭБдин деңгээлинде өндүрүш кооперациясын уюштурууга кызыкдар болгон тараптарга жардам берет", — деди Малкина.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери 11-декабрда онлайн форматта жолугушат
Учурда комиссия аталган картанын алкагында түзүлгөн 177 биргелешкен долбоордун үстүндө иштеп жатат.

"Биримдиктин ичиндеги 21 тармакка 194 миллиард доллар инвестиция тартылды. Буга чейин жөнөкөй эле өндүрүш кооперацияларын түзүүгө кызыкдар болсок, азыр ири интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылып жатабыз", — деди ал.

Малкина сөзүнүн аягында учурда инвестиция тартууга жана экономиканын бири-бирин толуктап турган тармактарынын башын бириктирүүгө басым жасалып жатканын кошумчалады.