293 киши вирус жуктуруп, эки адам көз жумду. COVID-19 боюнча статистика

Акыркы суткада вирусту жугузгандардын жана андан каза тапкандардын саны мурдагыга салыштырмалуу азыраак болду. Бирок дагы деле Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оорунун мизи кайта элек.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 293 кишиден аныкталды. Ошол эле маалда 407 бейтап ооруну жеңип, айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 121;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 63;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 46;
  • Жалал-Абад облусу – 30;
  • Баткен облусу – 12.

Айыккандар:

  • Бишкек – 121;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 103;
  • Ош облусу – 12;
  • Талас облусу – 12;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 50.

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 75 395ке жетип, анын ичинен 67 400ү ооруну жеңди.

Ал эми каза болгондор тууралуу айтсак, өткөн суткада эки кыргызстандык COVID-19 илдетин жеңе алган жок. Бири Бишкек шаарынын, экинчиси Чүй облусунун тургуну болчу.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 1 297 болду.

Стационардагы дарыланууда 2 520 бейтап бар. Алардын ичинен:

  • 32 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 751 — орто оордукта;
  • 626 — оор абалда;
  • 111 — өтө оор абалда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылган.

Коронавирус жуктурган медиктер:

  • Бишкек шаарында – 9;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1.

Ошол эле учурда стационардан бир, үй карантининен тогуз медкызматкер коронавирустан айыгып чыккан.