ӨКМ: Баткенде мектеп өрттөнүп кетти. Видео

Өрт өчүрүү кызматына маалымат 7-декабрь күнү саат 08:06лар чамасында түшкөн. Азырынча өрттүн себеби жана жабыркагандар боюнча маалымат бериле элек.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектеп толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт өчүрүү кызматына маалымат 7-декабрь күнү саат 08:06лар чамасында түшкөн.

Мектеп бир кабаттуу болчу.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган.

Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.