Жылдык кирешеси 111 миң сомдон ашпагандар акысыз жактоочунун жардамын ала алат. Бул тууралуу Канатбек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам эки түрдө берилет.
"Консультациялык укуктук жардам мыйзам боюнча биздин жарандарга, чет элдиктерге, жарандыгы жокторго жана качкындарга көрсөтүлөт. Ал эми квалификациялык юридикалык көмөк лицензиялуу жактоочулар тарабынан берилет. Жазык, жарандык, административдик иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтүлүп, адамдардын укугу сот жана тергөө органдарында корголот. Жактоочулардын акысыз кызматы кирешеси 111 миң сомдон ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпкерлерге, соттолгондорго, акталгандарга жана жабырлануучуларга көрсөтүлөт. Ошондой эле адамдар кармалганда, өзгөчө оор кылмышка шектелгендер, айыпталгандар, 1-2-топтогу майыптуулугу барлар, психикалык оорудан жабыр тарткандар, жашы жете элек балдардын кызыкчылыгы үчүн кайрылган ата-энелер жактоочунун жардамын акысыз алса болот", — деди Исраилов.
Ошондой эле ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилгендерге жылдык кирешеси эске алынбастан жактоочунун жардамы акысыз көрсөтүлө турганын кошумчалады.