Милиция: соода борборунун ажатканасында баңгизат сайынып жаткан киши кармалды

Баңгизаты бар-жогун билүү үчүн анализ алууга шектүүнүн буюмдары экспертизага тапшырылып, ал эми өзү кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кайгуул милициянын кызматкерлери Cosmopark көңүл ачуучу борборунун ажатканасында баңгизат сайынып жаткан 31 жаштагы кишини кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

6-декабрда саат болжол менен 20:30 чамасында милицияга көңүл ачуучу борборлордун биринин ажатканасына эркек киши шприц менен белгисиз затты алып кирип кеткени туурасында кабар келип түшкөн. 

Кайгуул милициясы ал жерге эркек кишинин белгисиз затты сайынып жаткан учурунда барган. Айланасында беш таблетка жана бош ийнелер жаткандыгын аныкташкан. Шектүү милицияга жеткирилген.

Аталган кызматтан экспертиза ал эмне баңгизат экендигин аныктай тургандыгын билдирди.