Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кыл калем чебери, сүрөттөрүн европалыктар буюртма аркылуу алдырткан Азизбек Сулайманов менен маектешти.
— Сүрөт өнөрүнө канча жашыңызда жана кандайча аралашып калдыңыз эле?
— Мен негизи Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында жайгашкан Найман деген кыргыз айылынан болом. Үйүмдөгүлөр кичинемден эле талантымды байкашып, 1998-жылы 6-классымда Ноокаттагы сүрөт интернатына алып келип, ошол жакта окуп калгам. Интернат Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы Сүрөт академиясына таандык. Аны бүткөндөн кийин академияга тапшырып, окууну 2010-жылы аяктадым. Ошондон бери эле сүрөт тартып келе жатам.
— Азыр үй-бүлөңүз менен Бишкекте турасызбы?
— Мен 1998-жылдан бери эле Кыргызстандамын, жарандыгым бар. Ал эми ата-энем азыр да Өзбекстанда жашайт.
— Кайсы тематикада көп тартасыз?
— Көбүнчө май боёк менен тартам. Эки жылдан бери эмнегедир гүлдөрдү, айрыкча розаларды көп тартып жатам. Бир жолу огороддо өсүп турган розалардын бирин алып келип, стаканга салып май боёк менен сүрөткө түшүрдүм. Аны Facebook, Instagram баракчама жүктөп койсом, эл абдан жакшы кабыл алды. Алгач, ак роза, кийин улам элестетип кызыл-тазыл гүлдөрдү тарта баштадым. Сүрөт өнөрүндө деле бүгүн муну тартайын, эртең тигини дей албайсың. Улам илхам келе берет. Ар кандай тематикада тарта берем, бирок жан дүйнөңө жараша болот.
— Укканым боюнча сиздин сүрөттөрүңүзгө европалыктар көп кызыгышат экен?
— Негизи биздин өлкөдө көп деле сүрөт алышпайт го (күлүп). Европа өлкөлөрүнөн, Лондон, Америка, Кытай жана Россиядагы галереядагы арт-дилерлер буюртма менен сүрөттөрүмдү алдыртышат.
— Чет мамлекеттик кайсы галереяларга алышат?
— Мен билгенден Санкт-Петербургдагы "Галерея Кузнецова", "Мир искусство", "Мансарда художников" галереяларында, ошондой эле Лондондогу Buckingham Fine Art жана Fizzgallery жайларында сүрөттөрүм бар. Калгандарын так деле билбейм. Негизинен арт-дилерлер сатып алып кетишет. Кайсы галереяга экенин көбүнчө сурабайм деле.
— Сүрөт көргөзмөлөрүндө да баш байгени багынткан учурларыңызды угуп жүрөбүз...
— Жергиликтүү жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө 2005-жылдан бери катышып келе жатам. Сүрөт академиясынын көргөзмөсү жыл сайын болот. Ал Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп турат. Ооба, 2-курста окуп жүргөндө аталган көргөзмөдө алгач баш байге алгам. Кийин Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара да байгелүү болдум. Булар эми алгачкы ийгиликтер. Андан бери көп эле иш-чараларга катышабыз. Эл аралык көргөзмөлөр да көп болот. Былтыр Кипрде симпозиумда болуп келдик. Шанхайда көргөзмөбүз ачылды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ийгиликтер болуп жатат.
— Биздин жарандар көбүбүз сүрөт өнөрүнө, искусствого маани деле бербейбиз. Мүмкүн баалабайттырбыз?
— Ооба, чынын айтканда ошондой. Кээде жакын эле адамдар же жакшы тааныштар көчөдөн жолугуп калып "Азиз, ушул ишиңди таштап эле олуттуураак иш менен алектенбейсиңби. Качанкыга чейин сүрөт тартып эле жүрө бересиң? деп айтканга чейин барышат. Алар искусство канчалык олуттуу экенин билишпейт. Бул тууралуу аларга түшүндүрүп деле кажети жок болсо керек. Сүрөт галереясына дээрлик бир да жолу барбагандар деле кезигет эмеспи. Негизи сүрөттү түшүнүүдө ашыкча билимдин деле кереги жок. Ар ким жан дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Кээ бирлер сүрөттү карап туруп андан өзүнө жакын бир нерсени, ойду таап алышат. Ошол боюнча кабыл алат.
— Ошондо бизде маданий эс алуу кинотеатр менен чектелип калдыбы?
— Мазмундуу фильм болсо, элдин кинотеатрга барганы да жакшы. Ар кимдин эс алуу табити ар кандай да. Менимче, он жыл мурункуга салыштырмалуу элдин искусствого болгон түшүнүгү өстү. Же балким ушул чөйрөдө жашап калган мага ошондой сезилеби, билбейм. Бирок жалпысынан алганда элдин маданиятка, искусствого болгон кызыгуусу дагы деле төмөн. Эл саясатка баш-оту менен кирип кетти. Ички көрөңгөнү искусство менен азыктандырып туруу да зарыл. Бул жагы албетте, өкүнүчтүү.
— Акыркы кезде жыгачка сүрөт түшүрүп, жип менен сүрөт тартып же кум менен пейзаж түшүргөн өнөрпоздор чыгууда. Искусствого да жаңы тармак, өзгөрүүлөр толукталып жатат го...
— Ооба, ар кандай өнөр менен алектенгендер чыгууда. Бирок живопись — бул классика. Бизде таланттуу, аракетчил, күчтүү сүрөтчү балдар бар. Буга биздеги жашоо шарт, базар экономикасында элдин өз жанын багууга тарбияланып калгандыгы себеп болуп жатса керек. Негизинен Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде кыргызстандык сүрөтчүлөр камчы салдырбайт. Кытайда, Түркияда, Россияда жана башка чет мамлекеттерде өткөн сүрөт искусствосунун чөйрөсүнө таандык иш-чараларда биздин балдар атайын чакырылат. Аты таанылып калган. Ал эмес коңшу өлкөлөрдүн аты чыгып калган эле айрым сүрөтчүлөрү биздин балдарга буюртма берип, биздин сүрөттөрдү көргөзмөлөргө алып чыккан учурлар болот. Анткени бул жерде бир гана финансылык кызыкчылык бар. Баасын келишип алабыз, акчасын төлөйт, каалагандай тартып беребиз. Андан ары киришпейбиз.
— Мамлекет тарабынан деле сүрөтчүлөргө жетишерлик көңүл бурулбай жатат го...
— Жеке менин мамлекетке деле таарынчым жок. Үмүт этпейм деле. Ооба, каржылык жактан ар кимдин өз оокаты өз колунда. Бирок уюштуруучулук жагын колго алып, көргөзмө, кечелерди өткөрүүгө да көңүл бурса жакшы болор эле. Анан да биздин жаш сүрөтчүлөргө моралдык колдоо менен мотивация жетишпейт. Сыйлап, эмгегин баалап бир барагын берип койсо деле жаштарга шык бермек. Көңүл буруу жок.
— Биздеги сүрөт сатып алуучу менен чет элдик алуучунун ортосунда айырма барбы?
— Кыргызстандагы аты таанылып калган жаш сүрөтчүлөрдөн кимдерди атаар элеңиз?
— Мыкты жаш сүрөтчүлөр аябай көп. Мисалы, Садык Мурзаханов бар. Портреттерди абдан жакшы тартат. Мүнөзүн келиштирип берет. Ал каарманынын мурдун түшүргөндө эле кимди тартып жатканын түшүнүүгө болот. Бахрам Темиров турмуштук темаларды, айыл турмушу өңдүү чоң темаларды чагылдырууда алдына киши салбайт. Айып Алакунов тарыхый сүрөттөрдү мыкты берет. Ошондой эле пейзажды мыкты тарткан жаш балдар бар.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүрөтчүлүк менен жан багууга мүмкүнбү?
— Кыргызда "иштеген — тиштейт" деген макал бар. Кайсы кесиптин ээси болуп, адам эмне менен алектенбесин, ошол иште профессионал болушу керек деп ойлойм. Пандемиянын айынан бир жылдан бери мен дагы Кыргызстандан сыртка чыга албай турам. Тескерисинче, карантинде интернет менен иштешкенди жакшы өздөштүрдүм. Болгону сүрөттөрдү салып жиберүүдө почталардын убакыты кичине созулуп, кечирээк жеткирип жатты. Болбосо биздин художниктер жолун тапса эң сонун оокат кылууга болот. Адамдын өзүнө дагы байланыштуу. Кээ бирлер кейип эле жүрө беришет. Жок, антпестен эмгектенип, жолун таап иштесең болот.