Жолтандабасты, дүкөндү жана түркүктү сүзгөн автоунаа. Токмоктогу кырсыктын видеосу

Кырсыктын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда окуянын себептери такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Токмок шаарында жеңил автоунаа жолтандабасты кагып, андан кийин түркүк менен дүкөндү сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыктын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Окуя 6-декабрь, жекшемби күнү, болжол менен саат 16:00дө болгон. Анда Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаа Ленин көчөсү менен келе жатып кырсыкка кабылган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калып жолтандабасты, түркүктү жана дүкөндү сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканы айтылды. Учурда окуянын себептери такталууда.