Салют же өрт экенин ажырата албай. Россиядагы асманды каптаган жалындын видеосу

Фейерверктердин асманга атылган миңдеген учкуну Ростов-на Дону шаарынын жашоочуларын тынч уйкудан ойготкон.
Sputnik

РИА Новостинин маалыматына караганда, аталган шаардын жүздөн ашуун өрт өчүрүүчүлөрү 6-декабрдын таңында пиротехника саткан павильондогу тилсиз жоону жок кылууга тартылган.

Жаңы жылдык пиротехникалар атылган мындай масштабдуу кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок. Павильондун базардын ичинде жайгашканы маалым болду.

Соңку 10 айда өрттөн 16 адам каза болду. ӨКМ эрежелерди эске салууда
Видеодон асманды көздөй майрам учурундагыдай сансыз түрдө атылып жаткан фейерверктерди көрүүгө болот. Эгерде окуянын кандай болуп жатканын көзү менен көрбөсө, уккан киши аны кандайдыр бир майрамдык иш-чара деп кабыл алышы толук мүмкүн.

Соңку маалыматтарга ылайык, жалын каптаган аянт 2,5 миң чарчы метрди түзгөн. Өрттүн деңгээли татаалдыгы боюнча 4-деңгээл деп берилген. Ал жерде 130 адам менен атайын 40 техниканын иштеп жатканы айтылды.