Өкмөт: Нарындагы жугуштуу илдеттер боюнча оорукананын курулуп бүтөрүнө аз калды

Учурда ооруканада желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда. Ошондой эле имараттын ичи менен сырты жасалгаланып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн корпусунун курулуш иштеринин 92 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, учурда ооруканада желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда. Ошондой эле имараттын ичи менен сырты жасалгаланып жатканы айтылды.

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт
Маалым болгондой, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жана биринчи вице-премьер Артем Новиков Нарынга барган иш сапарында аталган оорукананын курулуш иштери менен да таанышкан. Анда биринчи вице-премьер медициналык мекеменин курулушун тезирээк бүтүрүү тапшырмасын берген.

Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик органдарын облусту дары-дармек, тест-системалар жана жеке коргонуучу каражаттар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга милдеттендирген.

Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Буга чейин анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.