Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы толук метраждуу эң алгачкы көркөм фильмдеги ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер, манас таануучу Мелис Убукеев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктап жатып дипломдук иши катары "Тайгак кечүүнү" тарткан. Ал эмгек кыргыз улутундагы режиссёр тарткан толук метраждуу тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган.

Кинокартинанын сценарийи Убукеев менен Николай Рожков жазуучу Мукай Элебаевдин "Бороондуу күндө", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде жазып, операторлук кызматты Кадыржан Кыдыралиев аркалаган.

Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси
Үркүн убагында Кытайга качып, кийин өз мекенине кайткан жаш жигиттин тагдыры жөнүндө баяндаган эмгек 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалда мыкты көркөм фильм аталып, анда образ жараткан Бакен Кыдыкеева "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" номинациясында дипломго арзыган.

Ал эми Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Калича Рысмендеева жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев роль жаратып катышкан.

Аталган фильмдин режиссеру жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

1 / 11
Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган жаш режиссер
2 / 11
Мелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
3 / 11
Башкы каармандагы Шайырбек Көбөгөнов (Мукаш) менен Абаева (Уулжан)
4 / 11
Жаратылыш койнунда иштеген киночулар
5 / 11
Уулжандын энесинин образын жараткан белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен байбиченин ролун аткарган Калича Рысмендеева
6 / 11
Тасманын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу аймакта, катаал шартта тартылган
7 / 11
Актерду даярдаган гример кыз менен жаш режиссер
8 / 11
Чоң сууну кечип келечекке карай кадам таштаган жаштар, алардын артынан кубалаган байдын жан-жөкөрлөрү
9 / 11
Тасманын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган
10 / 11
"Тайгак кечүүдө" тартылган белгилүү актер Советбек Жумадылов
11 / 11
Режиссер Мелис Убукеевдин ал эмгеги кыргыздын эң мыкты кинокартиналарынын катарына кирет