Радио

Арпачиев: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү эки эреже менен ойнолушу мүмкүн

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Көчмөндөр оюндарынын программасын түзүү артыкчылыгы Түркия тарапта болгондугу үчүн көк бөрү мелдеши кандай эрежеде өтөрү чечилип жаткандыгын билдирди.
Sputnik
Арпачиев: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү эки эреже менен ойнолушу мүмкүн

Эгерде Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казан менен жана ансыз болуп эки түрдө өтсө, каршы эмеспиз. Бул тууралуу Канатбек Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын үч жолу өткөргөндө улуттук спорт оюндарынын баарын киргизген.

"Биз уюштуруучуларга өз сунушубузду айттык. Эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн иш кагазыбыз бар. Биздин сураныч ошону так аткарып беришсе жакшы болот эле. Меморандумда спорттун кайсы түрлөрү жазылса ошону киргизип бергиле деп сурандык. Ошол эле учурда көк бөрү боюнча абдан чоң талаш-тартыш болуп жатат. Анткени казак тарап бул дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан мелдештердин бири, эл аралык федерациянын эрежесине таянышыбыз керек деген ойлорун айтышты. Катышуучу мамлекеттерден сурап, 10-декабрга чейин өзүңөрдүн сунушуңарды бергиле, уюштуруу комитети менен талкуулап, чечим кабыл алабыз дешти. Үч жолку Көчмөндөр оюндары Көк бөрү федерациясы тарабынан бекитилген эреже боюнча өтүп келген. Оюнчулар тай казандан көп жаракат алып калат деген кооптонуулар болууда. Биз андан катуу жаракат алган ушуга чейин бир дагы улакчы жана жылкы катталган эмес деп түшүндүрмө бердик. Жеңил-желпи оорушу мүмкүн, бирок мындай көрүнүш бардык эле спорттун спецификасына жараша болушу ыктымал", — деди  Арпачиев.

Ошондой эле жетекчи төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына салбуурунду да кошуу аракети болуп жатканын кошумчалады.