Кеминде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты колдонууга берилди. Сүрөт

Жаңы имараттын ачылыш аземи 5-декабрь күнү болгон. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттен келген коноктор катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Кемин шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы салынган имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда жаңы имараттын ачылышы 5-декабрь күнү болгон. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттен келген коноктор катышкан. Медициналык мекеменин курулуш иштерин толугу менен Кыргызстанда иш алып барып жаткан кувейттик "Ас-сафа борбору" коомдук бирикмеси каржылаганы айтылды.

"Жаңы салынган медициналык пункт 12 орунга ылайыкташкан, ичинде ашканасы дагы бар. Гинеколог, стоматологдор үчүн керектүү медициналык жабдуу, эмеректеринин бардыгы орнотулган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган коомдук бирикме буга чейин Кыргызстандын аймактарына 30 ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 10 имаратын, эки төрөт үй, майыптыгы барлар үчүн эки корпус курганы кошумчаланды.