Адис: жумуртка диабеттен жабыркагандар үчүн пайдалуу тамак

Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жумуртка экинчи типтеги диабет менен жабыркагандар үчүн пайдалуу азык. Бул тууралуу РИА Новости Америкалык диабет ассоциациясына шилтеме берип жазды.

Адистер тооктун бир жумурткасында бир граммга жетпеген углевод жана жети граммга жакын белок бар экендигин айтышат. Мындан сырткары, жумуртка нервди жана булчуңдарды чыңдап, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртуучу калийдин булагы экендигин белгилешет.

"Жумуртканы ачкарын такай жеп туруу экинчи типтеги диабет менен жабыркаган адамдардын канындагы глюкозанын деңгээлин жакшыртууга мүмкүн экенин изилдөөлөр көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, ашыкча тамак жеп алуудан сактап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.