Элден качып, виртуалдык жашоого кирип кеткен кызымды кантип чыгарам? Эненин каты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кызынын тагдырына кабатыр болгон эненин каты жарыяланды.
Sputnik

Саламатсыздарбы? Кызымдан санаам тынчыбай, сиздерге кайрылууга туура келди. Азыр кызым 18 жашта. Ар нерсени ойлоп, келечегине бушайман боло берчү болдум. Анткени чочун адам менен сүйлөшүүнү жактырбайт. Менден башкага ишенбейби же ичинен тартынабы, түшүнө албайм.

Кебетемди көрсөм эле кыжырым келе берет. Өзүн кемсинте берген келиндин каты
Жалгыз кызымды эч нерседен кем кылбаганга аракет кылчумун. Чынын айтсам, мектепте жакшы кийинттим, дайыма чыкыйып барчу. Анан да жакшы окучу. Орус мектепте окугандыктан орусча кыял күтүп калгандай.

Кызым мектепте окуп жүргөндө жумушума байланыштуу эки жолу мектеп жаңыртууга туура келген. Экинчи мектебине барганда 7-класс элек. Математикадан жакшы окусун деп планшет сатып берген элем. Азыр бекер кылыпмын деп калам. Өзү акындардын ырларын жаттап, мектептеги кечелерде окуп жүрчү. Аябай назик, тыкан кыз эле. Кийин эле мүнөзү өзгөрүп, түнт тартып, эч нерсе жактырбай калды.

Улам жогорку класс болгон сайын бара-бара элден да бөлүнүп, планшет менен эле күн өткөрүп баштаган эле. Мектепте да жалгыз жүрөрүн билип, абдан жүрөгүм ооруду. Көрсө кызымды жаңы барган классташтары кабыл албай, аябай шакаба чегишчү экен. Классындагы байдын кызы бир жолу "төрт" алып калат да, кызым "беш" алат. Ал мугалиминен "эмнеге мага "төрт", буга "беш" койдуңуз?" – деп сураган экен. Орус тилден берген мугалими менин кызымды мактап коюптур. Ошондон баштап ал кызыма эрегишип, ар кандай нерселерди уюштуруп, кызымды басынтчу болгон. Классташтарына да сүйлөшүүгө тыюу салыптыр. Үйдөн көзүн карап чоңойтконбуз. Мүмкүн катуураак эле кармап, анда-мында урушканымда өзүнө туруп кетмек беле?

Апам менен аялымдын урушунан тажадым. Мигрант болуп кетүүнү көздөгөн жигиттин каты
Айтор, мугалимдер тарабынан да колдоо болгон жок. Кызым ушундай мамилени көтөрө албай сынып калдыбы деп ойлойм. Азыр эрмеги эле телефон. Виртуалдык достор менен эле сүйлөшөт. Коомчулукка такыр аралаша албайт. Каалабайт дагы. Үйгө киши келсе өз бөлмөсүнөн чыкпайт. Ушинтип жүрсө кантип жанын багат? Адам киши менен киши болот эмеспи, кыз бала турмушка чыгып, үй-бүлө күтүшү керек го. Өзүнчө отургузуп алып сүйлөшүп да көрдүм, сырдашканга да аракет кылдым. Угат, жооп берет, бирок баягысы баягы. Өзү үчүн бир тосмо коюп койгондой. Азыр го мен бармын, кийин көзүм өтсө бул эмне болот? Кыскасы, түйшөлгөн суроолорум көп. Эмне кылышымды билбей калдым...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Ар бир ата-эне баласынын бактылуу болушун жана өз турмушуна тың болуусун каалайт. Бирок бала тарбиялаганда баланы үч жашка чейин деле коом менен аралаштырып, анын таанып-билүүсүн, эмоционалдык жактан социалдык чөйрөсүн бириктирип тарбиялоо керек. Көп ата-энелер "элден кем болбосун" деп жатып бала тарбиялаганда материалдык жакка басым жасоо менен көп жаңылышып калабыз. Өзүңүз айткандай, кызыңыз виртуалдык жашоого көнүп алган окшойт. Албетте, өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алган бала эч ким менен алака түзгүсү да келбейт.

Кайненем уулун кызганып, сандыгын чачып, уктабай... Келиндин каты
Коомчулук менен аралашуу үчүн алгач адамдын өзүнүн да каалоосу жана аракети болушу абзел. Бирок азыр деле кеч эмес, башка коомго аралашууга эч качан кеч болбойт. Болгону сиздерге психологдун жардамы керек болушу мүмкүн. Ар бир адамдын абалы ар кандай. Эгер кызыңызда ички эгоисттик акыбал орноп калса "баары менин көзүмдү карашы керек, мен гана" деген ойдо жашап калат. Өзү да муну аңдап, мындан чыгууга аракет кылышы керек. Эгер адам өз катасын моюндагысы келбесе, ага улам бир күнөөлүү киши табыла берет. Дагы бир жолу кайталайм, баланы тарбиялоодо материалдык эмес, алгач анын эмоционалдык жана психологиялык жактан өнүгүшүн да кароо зарыл. Ошондуктан психологго да кайрылсаңыздар ашыкча болбойт.