Москвада адамдарды коронавируска каршы эмдөө башталды

Азырынча эмдөөдөн саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Москвада чоңдордун бейтапканасында коронавируска каршы вакцинациялоо кабинети иштей баштады. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Учурда 70 кабинет элди кабыл алып жатат, жыл соңуна чейин дагы 100 бөлмө ачылары айтылат. Медиктер жарандарды эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин кабыл алат.

Азырынча эмдөөдөн тобокелчилик тобундагы адамдар — билим берүү, саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.  Ал үчүн mos.ru сайты аркылуу алдын ала (эки жума мурун) кезекке жазылуу керек.

Бириккен Улуттар Уюмунда "Спутник V" вакцинасынын бет ачары өтөт
18ден 60 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулары жок, мурда коронавирустун вакцинасын клиникалык изилдөөгө катышпаган, соңку 30 күндүн аралыгында эмделбеген, курч респиратордук оорулар менен оорубаган москвалыктар вакцина ала алат. Ал эми кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга колдонууга болбойт.

Алар Гамалея борборунда иштелип чыккан "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшөт. Препараттын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.

Россияда азыркы тапта "Спутник V" препараты эки миллиондон ашуун дозада чыгарылган. Эмдөө кеңейтилип отуруп Москванын бардык тургундарына жасалат.

Вице-премьер Татьяна Голикова кийинки жуманын аягында Россиянын бардык региондорунда вакцинация башталарын билдирген.