БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.
ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.
"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.