Сот Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарып, Фарид Ниязовду абакта калтырды

Жактоочунун айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Ал эми Ниязов эки айга камакта калды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылганын адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Бирок Фарид Ниязовду 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырганы белгилүү болду.

Эске салсак, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Ниязов менен УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иштин алкагында кармалган.