Министрлик диний маалыматтарды абайлап чагылдырууга чакырды

Мекеменин билдиришинче, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамдагы нормалардын чегинен чыкпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат. Анын ичинде Баш мыйзамдан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук ар кандай пикирлерин айтып жатканы белгиленет.

"Ушуга байланыштуу министрлик калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. ИИМ жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден бул маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпаганга чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Диний кастыкты козуткусу келгендерге мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди.