Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео

Саламаттык сактоо министрлиги геморройду дарылоо ыкмалары жана статистикалык маалыматтар менен бөлүштү. Оору тууралуу Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башкы дарыгери Ысакжан Бектенов айтып берген.
Sputnik

Медиктин айтымында, өлкөдө геморрою бар адамдардын так санын билүү кыйын. Себеби менталитетке байланыштуу айтуудан тартынып, баары эле проктологдорго кайрыла бербейт.

"Мисалы, 10 адамдын беш-алтоосунда көтөн чукук ооруларынын кайсы бир түрү бар. Ал эми көтөн чучук ооруларын 40 пайызын геморрой түзөт. Бир жылда кеңеш алуу үчүн өлкө боюнча 5000дей адам кайрылат. Анын ичинен 1800-1900 бейтапка операция жасалат. Операциялык эмес ыкма менен дарыланып жаткандардын саны өлкөдө 3000 кишиге жетет", — деди Бектенов.

Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги
Проктолог геморройду биринчи, экинчи стадиясында операциясыз эле үч ыкма менен айыктырса болорун айтты. Ал эми үчүнчү-төртүнчү стадиясына өтүп кетсе операция талап кылынат. Бул учурда медициналык камсыздандыруусу бар жарандар 1160 сом төлөп, бардык кызматтарды, дары-дармеги менен кошо алат. Эгер камсыздандыруусу жок болсо 2980 сом төлөйт.

Башкы дарыгер айыктыруучу ыкмаларды өз алдынча колдонбоого чакырды. Ал ар кимдин оорусу ар кандай стадияда болорун эскертет.