Жаңы жыл майрамында кыргызстандыктар канча күн эс алары белгилүү болду

Быйыл кыргызстандыктар жаңы жылдын алгачкы он күнүндө төрт күн майрамдайт. Ал эми иш күндөрү адаттагысындай эле календарь менен улана берет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата үч күн катары менен, тагыраагы, 1, 2, 3-январда эс алат. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

"1, 2, 3-январь — эс алуу күндөрү. Ал эми 4, 5, 6-январда иштейбиз. 7-январь — майрам, ал эми 8-январь кадимкидей эле иш күнү",— деп айтылат маалыматта.

Министрликтен быйыл иш күндөрүн жылдырбоону чечкендигин кошумчалашты.