"Ак-Жол" өткөрмө бекетинин курулуш иши 68 пайызга аяктады. Сүрөттөр

Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол – Автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68 пайызга бүткөрүлгөн.

Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеген. Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалаган.

"Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт", — деди Сабиров.

Вице-премьер "Ак-Жол – Автожол" пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетчү жагдай, өткөрмө жайды реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын жакшыртуу, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул аракет аталган жерден жарандардын өтүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Өткөрмө жайды модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.