Кыргызстанда коронавирустан 4 адам каза тапты, 2 635 бейтап ооруканада

Маркумдар Чүй, Ысык-Көл, Ош облустары жана Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирустан ажал тапкандардын саны 1 285ке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Соңку бир күндүн аралыгында өлкөдө COVID-19 илдетинен төрт адам каза болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, маркумдар Чүй, Ысык-Көл, Ош облустары жана Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан ажал тапкандардын саны 1 285 кишиге жетти.

Ал эми азыркы тапта оору жуктуруп алган 2 635 бейтап ооруканада жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда — 28 адам;
  • Орточо оор абалда — 1 819;
  • Оор абалда — 668;
  • Өтө оор абалда — 120.

Мындан сырткары, 3 528 бейтап үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө дарыланууда.